Бишкекте жаңы спорт комплекстин курулушуна капсула салынды
RU

Бишкекте жаңы спорт комплекстин курулушуна капсула салынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз футбол биримдигинин спорт комплексинин курулушуна мезгил кутусу салынды. Иш-чара бүгүн, 26-мартта өтүп, мүчө уюмдардын өкүлдөрү, биримдиктин кызматкерлери, ошондой эле Азия футбол конфедерациясынын өкүлдөрү катышты.

Кыргыз футбол биримдигинен маалымдашкандай, спорт комплекстин курулушу Азия футбол конфедерациясынын "AFC Enhance Programme 2023: Stadium" өнүктүрүү программасынын жардамы менен башталды.

"Өзүңүздөр билгендей, өлкө башчыбыз Садыр Жапаров "2024–2034-жылдарга Кыргыз Республикасында футболду андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыкка кол койду. Аталган жарлык президентибиз жана мамлекетибиз тарабынан футболго спорттун бир түрү катары колдоосу күчөгөндүгүнөн кабар берет. Анда белгиленген максаттарды иш жүзүнө ашыруу өлкө футболун көзөмөлдөгөн башкы орган катары – Кыргыз футбол биримдигинин жана анын мүчөлөрүнүн түздөн-түз милдети. Бул милдетти биргелешкен күч-аракеттер менен сөзсүз ишке ашырабыз.

Президенттин жарлыгында футболдун материалдык-техникалык базасынын өнүгүүсүнө басым жасалган. Башка футболдук уюмдарга үлгү болуу үчүн Кыргыз футбол биримдигинин башкы административдик кеңсеси жайгашкан территориалдык инфраструктурасы ар түрдүү объектилерди камтуусу зарыл. Андыктан, бул спорт комплекстин курулушу чоң мааниге ээ", - дейт Ташиев.

Комплекс Бишкектин футболдук борборунда жайгашат. Имаратта зал, машыгуу залы жана административдик бөлмөлөр жайгашат. Залдын жалпы сыйымдуулугу – 473 орун. Курулуш 2024-жылдын август айында аяктайт.

Белгилесек, Ташиевдин демилгеси менен Кыргыз футбол союзунун кезексиз конгрессинде уюмдун аталышы жаңыланды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15803