Эмгек сиңирген артист Болот Токтобаев кызынын экинчи операциясына жардам сурайт
RU

Эмгек сиңирген артист Болот Токтобаев кызынын экинчи операциясына жардам сурайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, обончу, аткаруучу Болот Токтобаев коомчулукка кайрылды. Ал кызынын экинчи операциясына чоң суммадагы каражат керектигин айтат.

Белгилей кетсек, Болот Токтобаевдин 7 жаштагы кызы Хадижа бир кулагы өспөй төрөлгөн. Ага чет өлкөдөн операция жасалган.

"1 жыл мурда 7 жашар кызыма жардам сурап жалпы элге кайрылуу жасадым эле. Операция Түркияда эки этап менен жасалмак, биринчи этабын жогорку деңгээлде жасатып келдик, жалпы жардамга кол сунган кыргыз элиме терең ыраазычылыгымды айтуу менен таазим кылам. Ыраазычылыгымды сөз менен айтып жеткире албайм. Жараткан баарыңыздардан жакшылыгын аябасын.

Кызыма биринчи операция жасалып, наркоз тарап баштаганда кулагынын сүрөтүн көрсөтсө онтоп, кыйналып жатып сүйүнгөнүн сиздерге жеткире айтуу кыйын. Ушул сүйүнүчтөрдүн баары сиздердин салымыңыздар деп билем", - дейт Токтобаев.

Эми Хадижага экинчи этаптагы операция жасатуу керек. Мындан улам обончунун үй-бүлөсү коомдон жардам суроого аргасыз болуп турат.

"Ураматту элим, экинчи этабына дагы сиздерден жардам сурап кайрылууга туура келди. Операциясы 30 миң доллар, 18 миң долларын төктүк. Эми 12 миң доллар керек болуп жатат. Операциянын биринчи этабы октябрь айында болгон. Экинчи этабы 6 айдан кийин болмок, кезекке турганбыз. Апрель айы туура алты ай болот, биз дарыгерлерден биринчи классты бүткөндө, каникулда - июнь айынын башында алып баралы деп сурандык", - деп кошумчалады ал.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн реквизиттер:

  • Мбанк: 0700 63 83 66;
  • Оптима банк: 4169 5853 5917 6566;
  • Айыл банк: 9417 3790 0095 1489;
  • СберБанк: 4276 3801 8399 6540.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15805