Сот Адахан Мадумаровду күнөөлүү деп тапты, бирок жазадан бошотту
RU

Сот Адахан Мадумаровду күнөөлүү деп тапты, бирок жазадан бошотту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 26-мартта Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун иши боюнча чечим чыгарды.

Белгилүү болгондой, Адахан Мадумаров "мамлекетке чыккынчылык" жана "алдамчылык" беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, бирок эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу депутат жазадан бошотулду. Баш коргоо чарасы соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин өзгөрүүсүз калды, тагыраагы калды.

Эске салсак, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров былтыр 2-сентябрда камакка алынган. 2009-жылдагы протоколго ылайык, КР Кылмыш-жаза кодексинин "Мамлекетке чыккынчылык" беренеси боюнча айып тагылган.

Кийин 2015-жылдагы парламенттик шайлоого байланыштуу депутаттын дарегине арыз жазылган. Ал "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын кассасынан 50 миң доллар алган деп айыпталган. 26-октябрда Мадумаров ооруканага которулган. 3-ноябрда кайра СИЗОго которулган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15807