Ошто көчөдө бараткан кыздын абийирине шек келтирген жигит тергөөгө жеткирилди
RU

Ошто көчөдө бараткан кыздын абийирине шек келтирген жигит тергөөгө жеткирилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарында көчөдө бараткан бейтааныш кызга ыплас сөз айткан жигиттин видеосу интернетке тарап, көпчүлүктүн кыжырдануусун жараткан. Ош ШИИБден жигит кармалганын билдиришти.

2001-жылы туулган Саян аттуу жигит бүгүн, 27-мартта милиция кызматкерлери тарабынан Бишкектен Ош шаарына жеткирилди.

Анын үстүнөн эки арыз түшкөн. Активист жана блогер Азамат Ормокеев 25-мартта арыз менен кайрылып, Ош шаарынын Достук көпүрөсүндө өтүп бараткан кызга одоно уят сөз айткан бейтааныш жигитке мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.

Ушундай эле мазмундагы арыз менен 26-мартта Өзгөн районунун 2002-жылы туулган жашоочусу арыз менен кайрылган. Ал 25-мартта Достук көпүрөсүнөн өтүп бара жатканда белгисиз жаран видеого тартып, уят сөз айткандыгын, кийин интернеттен көргөнүн билдирип, ал жаранга карата чара көрүүнү суранган.

Жогорудагы арыздардын негизинде 2001-жылы туулган жигит Бишкектен кармалып, Ош ШИИБдин тергөө кызматына өткөрүлдү. Анын кыймыл-аракетине юридикалык баа берилет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15811