Көлбаевдин кылмыштуу тобунун Таранчы аттуу мүчөсү кармалды
RU

Көлбаевдин кылмыштуу тобунун Таранчы аттуу мүчөсү кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарынын аэропортунда маркум Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, каймана аты Таранчы кармалды. УКМКдан билдиришкендей, ал рэкетчилик кылганга шектелүүдө.

Комитеттин маалыматында Таранчы физикалык зомбулук көрсөтөм деп коркутуу менен Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун аймагындагы тоо-кен фирмаларынын жумушчуларына салык салуу аракетин көргөндүгү аныкталганы айтылат.

Учурда Н.Н.К.га карата опузалоо фактысы боюнча тиешелүү ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Н.Н.К.нын кылмыштуу иш-аракеттеринен жапа чегиши мүмкүн болгон жарандарды УКМК нөөмөт кызматына кайрылуусун өтүнөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15839