Бишкекте жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө убактылуу чектөө киргизилет
RU

Бишкекте жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө убактылуу чектөө киргизилет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жол коопсуздугун камсыздоо, жолдун сапатын сактоо жана эксплуатациялоо мөөнөтүн узартуу максатында Бишкек шаарынын мэриясы оор жүк ташуучу унаалардын шаар ичиндеги жолдордо жүрүүсүнө убактылуу чектөө киргизет.

Мэриядан билдиришкендей, чектөө чаралары 5-апрелден 1-октябрга чейин саат 7:00дөн 21:00гө чейинки аралыкта иштейт. Бул мезгил ичинде максималдуу массасы 18 тоннадан ашык жүк менен жүрүүгө уруксат берилген жүк ташуучу автомобилдер муниципалдык жолдо жүрүүсүнө тыюу салынат.

Убактылуу чектөө механизми оор жүк ташыган төмөнкү унаалар үчүн колдонулбайт:

  • гуманитардык жардам жана тез бузулуучу тамак-аш азыктарын ташыгандарга;
  • Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан автомобиль жолдорун куруу, оңдоо боюнча иштерди аткаруу үчүн тартылгандарга;
  • Бишкек шаарынын аймагында муниципалдык тапшырыктын негизинде жүк ташып бара жаткандарга.

Белгилей кетсек, аба ырайынын ысышы менен оор жүк ташуучу унаалар жолдогу асфальттын сапатын бузган учурлар көп кездешет. Шаардыктар тарабынан да оор жүк ташыган унааларга түнкүсүн гана жүрүүгө уруксат берүү талабы дайыма айтылып келген.

5-апрелге чейин Бишкек мэриясынын тийиштүү кызматтары жогоруда көрсөтүлгөн салмактагы оор жүк ташуучу унаалардын муниципалдык жолдо жүрүүсүнө тыюу салган жол белгилерин орнотуп чыгышат.

Белгиленген талаптарды бузган учурда укук бузуучулар КРнын "Укук бузуулар" жөнүндө кодексинин 181-беренесине ылайык жоопкерчиликке тартылат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15847