Бишкектеги өзгөчө абал режими катуу шамалдын кесепеттери жоюлганга чейин сакталат
RU

Бишкектеги өзгөчө абал режими катуу шамалдын кесепеттери жоюлганга чейин сакталат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек мэриясында бүгүн, 2-мартта Айбек Джунушалиевдин пландык кеңешмеси өттү. Калаа башкармалыгынан билдиришкендей, күн тартибинде 28-мартта катуу шамалдан кийин жарыяланган өзгөчө кырдаалдын алкагында аткарылган иштер тууралуу отчёт угулду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Эрнис Жусупов зыянга учураган объекттердин саны тууралуу маалымат берди.

Ылдамдыгы секундасына 26 метрге жеткен шамалдын кесепетинен:

  • 42 турак жай комплекси;
  • 6 медициналык мекеме;
  • 35 социалдык объект;
  • 13 автоунаа;
  • 101 башка объекттер (дүкөндөр, мончолор, электр чубалгылары, трансформаторлор, коммуналдык системалар) зыянга учураган.

Тиешелүү шаардык кызматтар бул объекттерди ыкчам калыбына келтирүү иштерин жүргүзүштү. Ар бир транспорт боюнча жекече иш жүргүзүлөрү айтылды.

Мэриядан белгилешкендей, учурда Бишкек шаарында өзгөчө абал режими катуу шамалдын кесепеттерин жоюу иштери аяктаганга чейин узартылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15850