Акылбек Жапаров: "Тоголок жетим балдарга 500 миң сомдон беребиз"
RU

Акылбек Жапаров: "Тоголок жетим балдарга 500 миң сомдон беребиз"

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанда тоголок жетим балдарга 500 миң сомдон бериле турганын айтты. бул туурасында ал ЖОЖдордун студенттерине лекция окуу учурунда айткан.

Акылбек Жапаров белгилегендей, бүгүнкү күндө өлкөдө 1868 тоголок жетим бала бар.

"Мамлекет аз камсыз жакыр үй-бүлөлөргө 100 миң сомдон берип баштаган. Өткөн эки жылда 12800 үй-бүлө алса, быйыл 20000 үй бүлөгө каражат бөлүндү. Мамлекеттин колдоосун алгандардын 99%ы жакырчылыктан арылып, өз алдынча бизнес долбоорлорун ийгиликтүү ишке ашырып жатат.

Эми тоголок жетим балдарга дагы 500 миң сомдон банк эсебине салынып, бала 18ге чыкканда колуна берилет. Алар үчүн ушул жылдан тарта 270 миллион сом банктарга депозитке жөнөтүлөт. Быйыл 3-4 балага берилип калат.

Балдар үйүндө тарбияланган балдар 18ге чыккандан кийин кам көрүлбөй, уурулук, кылмыш же сойкулук менен алектенип кеткен фактылар көп катталган. Мамлекет аларга көңүл бурчу эмес.

Экономикабыз оңолуп, мамлекетибиз кубаттуу болуп калды, мынтип колдоого муктаж коомдун катмарына көңүл бурулуп жатат", - деген Жапаров.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15865