Бишкек шаарында өзгөчө кырдаал режими алынды. Келтирилген зыян 16 млн сомдон ашат
RU

Бишкек шаарында өзгөчө кырдаал режими алынды. Келтирилген зыян 16 млн сомдон ашат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарынын мэриясынын буйругу менен 4-апрелден тартып борбор калаанын аймагында өзгөчө кырдаал режими алынды.

Белгилесек, 28-мартта Бишкек шаарынын аймагында ылдамдыгы секундасына 18-26 метрге жеткен катуу шамал катталган. Мындан улам мэриянын №86 буйругу менен 28-марттан тартып Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

  • Катуу шамалдан 10 киши жабыркады. 144 бак кулап, 13 унаа жабыркаган.
  • 101 объекттин, анын ичинде 37 социалдык, 54 турак үйдүн жана башка объекттердин чатыры бузулган.
  • 4 участокто троллейбус линиялары бузулуп, 10 участокто сырткы жарык берүү линиялары үзүлгөн.

Бишкек шаарынын мэриясынын райондорундагы Жарандык коргонуу боюнча комиссиялардын иштеринин жыйынтыгы боюнча келтирилген зыян болжолдуу түрдө 16 млн 749 миң 923 сомду түздү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15875