Колдорун кандай кармаарын билбей маскара болушту. Өзбекстан кызматкерлеринин окуясы
RU

Колдорун кандай кармаарын билбей маскара болушту. Өзбекстан кызматкерлеринин окуясы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Интернет желеде Өзбекстандык аскер кызматкерлеринин ыңгайсыз абалга тушуккан видеосу тарады. Анткени, алар мамлекеттик гимн аткарылып жатканда колдорун каякка коёрун билбей шаштысы кеткен.

"9-майда Эскерүү күнүнө карата уюштурулган иш-чарада, Сыр-Дарыя облусунун губернатору менен бир катар жогорку чиндеги кызматкерлер Өзбекстандын гимнине карата кандай ызаат көрсөтөрүн билбей баштары катты" -,деп бул видеону "Өзбекстан жаңылыктары" Telegram- каналы жарыялаган.

Авторлор белгилегендей, Өзбекстандын мамлекеттик гимни жаңырып жатканда аны уккан адам тик туруп оң колун сол көкүрөк тушка коюусу абзел, ал эми аскер кызматындагылар менен башка мамлекеттик кызматкерлер болсо оң колун баш кийимине сүйөп турушу керек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1587