Түрмөдө токмоктолгонун айткан жигит башка абакка которулду. Окуянын чоо-жайы
RU

Түрмөдө токмоктолгонун айткан жигит башка абакка которулду. Окуянын чоо-жайы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүйдүн Беловодск айылындагы №16 түзөтүү колониясында жаза өтөп жаткан жаран абак кызматкерлеринин аракетине нааразы болуп, президент Садыр Жапаровго кайрылган. Анын кайрылуусунан кийин Акыйкатчы институтунун кызматкерлери түзөтүү мекемесине барып, соттолгондордун шарттарын көрүп келишти.

Институттан белгилешкендей, соттолгон Муратбек уулу Тилек абак кызматкерлери тарабынан уруп-сабоо болуп жатканын айткандан кийин ал №3 түзөтүү мекемесине которулган. Ал жактан институттун кызматкерлери аны менен сүйлөшүп келишти.

Айыпталуучунун денесин кароо учурунда оң далысында көгала тактар бар экени аныкталган. Соттолгон жарандын айтымында, күч колдонуу жаза аткаруу кызматкерлери тарабынан болгон, бирок түшүнбөстүктөр чечилгенин айтып, арыздануудан баш тарткан.

Ал эми №16 түзөтүү мекемесинен окуя боюнча Акыйкатчы институтунун кызматкерлерине төмөнкүдөй маалымат беришкен.

"2024-жылдын 30-мартында №16 түзөтүү мекемесинин кызматкерлери жаза аткаруу мекемесинин ыкчам-издөө кызматкерлери менен бирге тыюу салынган буюмдарды издөө боюнча мекемеде мерчемделбеген текшерүү иштерин жүргүзүшкөн.

Кароо учурунда М.уулу Т.дан уюлдук телефон табылган. Уюлдук телефонду алууда бир нече соттолгондорго, анын ичинде М. уулу Тга карата күч колдонуу болгон.

Жаза аткаруу кызматкерлеринин айтымында, соттолуучу уюлдук телефонун алып койгондон кийин агрессивдүүлүгүн көрсөтүп, түзөтүү мекемесинин өнөр жай имаратына чыгып алып, уюлдук телефонун кайтаруусун талап кылып, антпесе өз өмүрүнө кол саларын билдирип коркуткан.

Андан кийини №16 түзөтүү мекемесинин өнөр жай имаратында М.уулу Т. өзүнүн видео кайрылуусун тараткан", - деп билдиришти түзөтүү мекемесинин кызматкерлери.

Түзөтүү мекемесинен М. уулу Т. "Жаш балдарга карата сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер" беренеси менен соттолгонун маалымдашты.

Мониторингдин жыйынтыгы боюнча Акыйкатчы институту тийиштүү мамлекеттик органдарга түзөтүү абактарында адам укуктарынын сакталышын камсыз кылуу, ошондой эле соттолгон М. уулу Тга карата күч колдонуунун негиздүүлүгү боюнча кызматтык текшерүү жүргүзүү зарылдыгы тууралуу расмий суроо-талаптарды жөнөттү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15880