АКШ Кыргызстан менен Тажикстанга чек арадагы конфликти чечүүгө көмөктөшүүнү сунуштады
RU

АКШ Кыргызстан менен Тажикстанга чек арадагы конфликти чечүүгө көмөктөшүүнү сунуштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ал Вашингтон Атлантикалык кеңешинде уюштурулган вебинарда Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда орун алган акыркы окуяларды АКШ кубаттаарын баса белгиледи.

"Ошентсе да, биз абал турукташты деп ойлобойбуз. Кырдаал дале оор. Жөнөкөй жарандардын кайтып келип, бузулган үйлөрдү калыбына келтирүү үчүн тынчтык менен стабилдүүлүк аба менен суудай зарыл болуп турат"-, деди ал.

Америкалык дипломат өз сөзүндө "Биз (АКШ), албетте, өзүбүздүн Бишкекте жана Душамбеде жайгашкан элчиликтерибиз аркылуу эки өлкөнүн бийлиги менен тыгыз байланыштабыз жана ар дайым тынчтыкты сактоо үчүн колубуздан келген жардамды сунуштайбыз, мындан тышкары эки өлкөнүн бийлигин кайрадан мындай конфликтерге жол бербөөгө чакырып жатабыз ", - деген пикирин билдирди.

***

Эскерте кетсек, кыргыз-тажик чек ара чыры 28-апрелде башталып Тажикстан аскерлеринин Кыргызстандын аймагына бастырып кирүүсү менен коштолгон.

Натыйжада кыргыз тараптан 36 адам мерт кеткен, алардын үчөө аскер кызматкери, калганы жөнөкөй тургундар менен балдар болгон, жабырлануучулардын саны 149га жеткен. Ал эми Тажикстандан билдиргендей алардан 19 адам каза болгон, тогуз адам аскер кызматкери, ону жайкын тургундар болуп, 88 адам жаракат алган.

Кыргызстандын башкы прокурору бул окуяга территорияны басып алуу аракети катары баа берген, ал эми тажик тарап, тескерисинче, Кыргызстан кол салды деп айыптап келет.

Элдешүү 1-майда орун алып Тажик аскерлери Кыргызстандын территориясын таштап чыгып кеткен жана тараптар такталбаган жерлерди делимитациялоо жана демаркациялоо үчүн тажик тараптын талабы менен 1924-27 жылдардагы түзүлгөн документти колдонгону турат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1590