Нурланбек Шакиев Билим берүү министрлигин экиге бөлүүнү сунуштады
RU

Нурланбек Шакиев Билим берүү министрлигин экиге бөлүүнү сунуштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Билим берүү жана илим министрлигин экиге бөлүүнү сунуштады. Ал мындай демилгесин президентке жана министрлер кабинетинин төрагасына айтканын парламент жыйынында билдирди.

"Бир эле министрлик бала бакчадан баштап, мектептерди, кесиптик лицейлерди, жогорку окуу жайларын, Улуттук илимдер академиясын жана башка билим берүү, илим изилдөө мекемелерин тейлейт.

Бирок алтын баштуу министрди дайындасак да баарына жетишип, тармакты толук алдыга жылдырып кете албайт.

Андыктан, сөзсүз түрдө аталган министрликти экиге бөлүш керек. Бала бакча менен мектептерди өзүнчө, ал эми жогорку окуу жайлары менен илим изилдөө тармагын өзүнчө тейлеген эки министрлик түзүү зарыл. Азыркы тапта аталган маселе каралып жатат. Эгерде биз өнүккөн, келечектүү мамлекетти куралы десек, билим берүү тармагын толук реформалашыбыз керек. Коңшу жана башка өнүккөн өлкөлөрдө бала бакчалар жана мектептер өзүнчө, жогорку окуу жайлар менен илим изилдөө институттары өзүнчө министрликке карайт", - деди Шакиев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15915