Оштун тургунун шантаж кылып 380 миң сом талап кылганга шектүү кармалды
RU

Оштун тургунун шантаж кылып 380 миң сом талап кылганга шектүү кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарында 60 жаштагы кишини шантаж кылып, 380 миң сом акча талап кылган аял кармалды. Ош ШИИБден билдиришкендей, өзүн блогер, эркин журналист, активист деп тааныштырган аял талап кылынган акчанын бир бөлүгүн алып жатканда колго түшүрүлгөн.

Маалыматка ылайык, 1964-жылы туулган Б.К. аттуу жаран милицияга кайрылып, Н. аттуу аял TikTok баракчасынан аброюна шек келтирген видеолорду жарыялап, аны өчүрүү үчүн 380 миң сом акча доолап жатканын айткан.

Аталган факты каттоого алынып, алгачкы сурак иштери жүргүзүлгөн. Такталгандай, 2024-жылдын февраль айынан тартып ушул күнгө чейин TikTok тармагында Назгүл деп катталган аял, өзүнүн кайын сиңдиси менен бирге Ош шаарынын 1964-жылы туулган Б.К. аттуу тургунунун кадыр-баркына шек келтирген видео кайрылууларды жана "Гарвард" окуу борборун элдин арасында жамандаган видеолорду жарыялаган. Интернетке чыккан видеолорду өчүрүү үчүн 380 миң сом талап кылып жүргөн.

Бул факты боюнча 208-беренесинин белгилери менен кылмыш иши козголуп, 12-апрелде Б.Н. кафелердин биринен 100 миң сом акча алып жаткан жеринен кармалып, тергөөгө камсыздалды.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15929