Өмүрбек Бабанов вакцинациядан өттү. Кайсы вакцина менен тапкылачы?
RU

Өмүрбек Бабанов вакцинациядан өттү. Кайсы вакцина менен тапкылачы?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саясатчы Өмүрбек Бабанов коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Ал вакцинацияны алып жаткан учурда тартылган сүрөтүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Бабанов Sinopharm кытай вакцинасын алып, бардык жарандарды бул процедурадан өтүүгө үндөдү.

"Ковидди жеңиш үчүн жалпы вакцинациялоо керек. Sputnik V же Синофармбы, ар ким өзү тандашы керек. Мен бизде сунушталып жаткан Sinopharm менен вакцина алдым. Алганыма үч күн болду, кошумча эч бир симптом байкабадым. Баарыңыздарды вакцина алууга үндөйм. Ден соолугуңуздар чың болуп, жакындарыңыздар дайыма жаныңыздарда болсун!", - деп жазган.

Белгилей кетсек Өмүрбек Бабанов өткөн жылдын октябрь айында коронавирус оорусу менен ооруган.

Вакцинация ушул жылдын апрель айында башталган. Ар бир каалоочу эмдөөдөн өтө алат. Кошумча маалыматты үй-бүлөлүк медицина борборлордон алсаңыз болот.

Эмдөө пунктары

Бишкекте вакцинация төмөнкү даректер боюнча жасалат:

  • ҮМБ №1 - Ю. Фучик көч., 15/9;
  • ҮМБ №3 - Жибек Жолу пропектиси, 495;
  • ҮМБ №5 - Кольбаев көч., 42;
  • ҮМБ №6 - ​Жукеев-Пудовкин көч., 75;
  • ҮМБ №4 - С. Ибраимов көч., 181;
  • ҮМБ №8 - Чуй проспектиси, 115а;
  • ҮМБ №9 - Курманджан Датка проспектиси, 109а;
  • ҮМБ №14 - Свободная көч., 24;
  • ҮМБ №13 - Токтогул көч., 250;
  • темир жол поликлиникасы - Крылов көч., 6;
  • поликлиника строителей - Манас проспектиси, 41;
  • Президент жана өкмөттүн иштери боюнча башкармалыктын клиникалык ооруканасы
  • (Спецполиклиника) - Киевский көч., 110.
  • Жаңы конуштарда 14 мобилдик бригада уюшулган. Вакцинация бардык каалоочуларга акысыз жасалат.

Болгону №2 жана №6 ҮМБде "Спутник" менен эмдөо жүргүзүлөт. Бирок бул вкцинаны бардыгы эмес, медициналык корсөтмөлөру барлар гана ала алышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1592