УКМК вице-мэр Максатбек Сазыкуловдун кармалышынын себебин айтты
RU

УКМК вице-мэр Максатбек Сазыкуловдун кармалышынын себебин айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин вице-мэри Максатбек Сазыкулов мыйзамсыз курулган коммерциялык объектилерди калкалаганы үчүн кармалды. Бул туурасында УКМК маалымдады.

Комитеттен билдиришкендей, муниципалдык органдардын ишмердүүлүгүндөгү коррупциялык механизмдерди демонтаждоо боюнча жүргүзүлүп жаткан комплекстүү иштердин жүрүшүндө Бишкек шаарынын вице-мэри тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталган.

Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чаралардын натыйжасында, Сазыкулов мыйзамсыз түрдө өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинен чыгып, шаардын так ортосунан коммерциялык объект куруу үчүн муниципалдык жер тилкесин ишкердик субъектке бөлүп берүү боюнча көрсөтмө берген. Аталган жер тилкесинин базар баасы бүгүнкү күндө 200 миң долларды түзөт.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун профилдик органдары тарабынан аянты 300 чарчы метр болгон коммерциялык объектти эч кандай уруксат берүүчү документтери жок куруу фактысы аныкталган. Ошонун негизинде объект белгиленген тартипте бузулууга тийиш болгон.

Бирок Сазыкулов өзүнүн ыйгарым укуктарын колдонуп, бул процессти ар тараптан токтотуп, ар кандай тоскоолдуктарды жараткан. Натыйжада мыйзамсыз объект демонтаждалган эмес.

Буга чейин борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн курулган объектинин ордунда сейил бак жашылдандырылган. "Аянтты көрктөндүрүү боюнча тендер да ал тарабынан демилгеленип, аны өткөрүүдө коррупциялык факты аныкталды. Алсак, аянтка жергиликтүү бюджеттен 17 миллион сомдон ашык каражат жумшалса, курулуш экспертизасынын алдын ала анализинин жыйынтыгында иш жүзүндө аткарылган иштер 6-7 миллион сомго ашыкча бааланган", - дешет коопсуздук комитеттен.

Аталган факты боюнча өзүнчө иш жүргүзүлүп, текшерүү иш-чаралары уюштурулуп, керектүү экспертизалар дайындалды. УКМК тарабынан чогултулган материалдардын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарынын вице-мэри жана ишкер Т.Б.М. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15943