Нарында окуучу кыздарга ыдык көргөздү деп шектелген мугалим асынып алды
RU

Нарында окуучу кыздарга ыдык көргөздү деп шектелген мугалим асынып алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Нарын шаарында окуучу кыздарга ыдык көрсөтүп келген деп айтылып жаткан чет тил мугалими асынып алды. Бул тууралуу Kaktus.kg редакциясына Нарын облустук милициясынан билдиришти.

Ал мугалимди (Т.А) чет тилинен курс окуган окуучу кыздар ыдык көргөзүп жүргөн деп айыптап, Инстаграм баракча аркылуу андан жапа чеккендер өз окуяларын айтып чыгышкан.

Бул маалымат тарагандан кийин Нарын шаардык милициясы териштирүү иштери башталганын билдирген болчу.

"Окуя кечээ күнү, 14-апрелде катталды. Адам өзүнө-өзү кол салып, асынып каза болуптур. Материал катталган. Бүгүнкү күндө тергөө иштери жүрүп жатат. Жыйынтыгы менен толук маалымат берилет" - деп айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15946