УКМК: Өзгөчө коркунучтуу кылмышкер катары издөөдө жүргөн чет элдик жаран кармалды
RU

УКМК: Өзгөчө коркунучтуу кылмышкер катары издөөдө жүргөн чет элдик жаран кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эл аралык издөөдө жүргөн чет мамлекеттин жараны Кыргызстандан кармалды. УКМКнын маалыматына караганда, ал тарабынан өзгөчө коркунучтуу кылмышкер катары Интерпол тарабынан издөөдө жүргөн.

Коопсуздук комитетит Интерполдун Кыргыз Республикасындагы Улуттук борбордук бюросу менен биргеликте ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, өзгөчө коркунучтуу кылмышкер катары Интерпол эл аралык кылмыш полициясы тарабынан изделип жаткан чет мамлекеттин Ч.Д. аттуу жараны кармалды.

Кармалган жаран өнүккөн өлкөлөрдүн аймагында мыйзамсыз миграцияны уюштуруу жана чет элдик жарандарды мыйзамдаштыруу боюнча адистешкен эл аралык кылмыштуу чөйрөнүн уюштуруучусу болуп саналат.

Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын алкагында кармалган жаран УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15947