Кантта милицияны ур-токмокко алгандар кармалды
RU

Кантта милицияны ур-токмокко алгандар кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кант шаарында милициянын тергөөчүсүн сабаганга шектелип 3 адам кармалды. Бул туурасында Чүй ОИИББден маалымдашты.

Такталгандай, 14-апрелге караган түнү саат 04:00 чамасында Канттагы "Маркет-24" дүкөнүнүн жанынан белгисиз адамдар 1991-жылы туулган К.Рны уруп, сабап, денесине жаракат келтирген. Жабырлануучу Улуттук госпиталга жаткырылган.

Бул факты каттого алынып, 280-берене (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон. Тиешелүү экспертизалар, анын ичинде соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө жабырлануучу Ысык-Ата РИИБдин тергөө бөлүмүнүн кызматкери экени аныкталган. Ал эми шектүү катары 1989-жылы туулган Д.А., Э.У. жана 1991-жылы туулган И.Т. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15957