Жалал-Абадда туннель аркылуу адамдарды, жүктөрдү мыйзамсыз алып өтүү фактысы аныкталды
RU

Жалал-Абадда туннель аркылуу адамдарды, жүктөрдү мыйзамсыз алып өтүү фактысы аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абадда чет өлкөлүк жарандарды жана аткезчилик товарларды Өзбекстанга мыйзамсыз өткөрүүчү туннель аныкталды. Бул факты боюнча Жалал-Абад облусунун тургуну кармалганын Ош ОИИБден билдиришти.

Маалым болгондой, 5-апрелде Өзбекстан Республикасынын 1984-жылы туулган Х.Б. аттуу жараны "Достук" чек ара өткөрмө пунктуна жакын жерден кармалган. Ал Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өткөнү такталган.

Топтолгон материалдын негизинде 378-берене (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз бузуп өтүү) кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө амалдары башталган. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө Өзбекстандын аймагына алып барчу жашыруун туннель бар экендиги маалым болгон.

Чогултулган материалдын негизинде "Мыйзамсыз миграцияны, мигранттарды мыйзамсыз алып келүүнү (алып чыгууну) уюштуруу" беренеси боюнча дагы бир кылмыш иши козголгон.

12-апрелде түн ичинде Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун аймагында Ноокен районунун 1985-жылы туулган К.Х. аттуу тургуну аткарган кызматы үчүн акча каражаттарын алып, өзбек жарандарын кайтарууда турган мамлекеттик чек арадан туннель аркылуу мыйзамсыз өткөрүп жаткан жеринен кармалып, камакка алынды. Шектүүнүн жанынан атайын белги коюлган акча каржаттары, дүрбү далил буюм катары алынды.

Андан ары тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүүнүн жашаган үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, жер төлөөсүнөн аткезчилик жол менен келген болжолдуу баасы 30 миң долларды түзгөн 87 кутудагы 41 дары дармектин түрү (психотроптук дарылар да бар) табылды. Табылган дары дармектерге тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15961