Кыргызстанда айрым майрам күндөрү иш күнү болот
RU

Кыргызстанда айрым майрам күндөрү иш күнү болот

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинети 12-апрелде Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү бекитти. Өзгөртүүлөр боюнча Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалыматы берди.

Белгиленгендей, жумуш жана дем алыш күндөрүн оптималдаштыруу максатында айрым майрам күндөрү жумуш күнү деп бекитилет.

  • Кыргыз Республикасында мамлекеттик майрам күндөрү - 23-февраль (Мекенди коргоочулардын күнү), 7-апрель (Элдик Апрель революциясынын күнү), 7-8-ноябрь (Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү) майрам күндөрү бойдон калат, бирок иш күнү болуп эсептелет.
  • жумуш эмес майрам күндөрү - 8-март, 21-март, 5-май, 9-май жана 31-август дем алыш күндөрү болуп эсептелет.
  • жаңы жылдык каникулдар - 1, 2, 3, 4, 5, 6-январь дем алыш күндөрү болуп эсептелет.
  • май айындагы каникулдар - 1, 2, 3, 4, 6, 7, 8-май дем алыш күндөрү болуп эсептелет;
  • Рождество (7-январь), Орозо айт жана Курман айт майрам күн болот жана иш эмес күн болуп саналат.

Эмгек кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, дем алыш күндөрүн которуунун ченеми да жокко чыгарылды.

Эске салсак, Эмгек министрлигинин бул долбоору былтыр иштелип чыккан. Эми кодекске өзгөртүү киргизүүнү Жогорку Кеңеш бекитиши керек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15962