Азия чемпионаты: Кыргызстан 14 медаль жеңди. Акжол Махмудов алтын албай калды. Жыйынтык
RU

Азия чемпионаты: Кыргызстан 14 медаль жеңди. Акжол Махмудов алтын албай калды. Жыйынтык

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте чоңдор арасында грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионаты аяктады. Анда Кыргыз курама командасынын лидерлери: Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Айпери Медет кызы жана башкалар катышты.

Чемпионатта эң акыркы болуп бир алтын, эки күмүш жана үч коло медалга ээ болгон грек-рим күрөшү боюнча балбандар күч сынашты.

Жоламан Шаршенбеков алтын утуп, Азиянын үч жолку чемпиону аталды. Өз салмак категориясында дагы бир лидер Акжол Махмудов алтын ала албай, күмүш медалдын ээси болду. Дагы бир күмүш байгени жаш балбан Раззак Бейшекеев алып, Улан Муратбек уулу, Бекзат Орункул уулу жана Эрлан Манатбеков коло медалдарга ээ болушту.

Чемпионаттын жыйынтыгында грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын командасы Иранга чемпиондукту уттуруп, экинчи орунду ээледи. Алдыңкы үчтүктү Япония жапты.

Кыз-келиндер күрөшүндө кыргызстандык команданын эсебинде эки алтын бар, аны Айсулуу Тыныбекова менен Айпери Медет кызы жеңип алды. Арууке Кадырбек кызы менен Гүлнура Таштанбекова да эки коло медалга ээ болушту. Күрөш боюнча кыздардын командасы төртүнчү орунда.

Эске сала кетсек, Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы төрт медаль утуп, үчүнчү орунду ээледи. Тайырбек Жумашбек уулу алтын, Айаал Лазарев күмүш, коло медалдар Улукбек Жолдошбеков менен Алибек Осмоновго ыйгарылды.

Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын эсебинде 14 медаль бар, анын төртөө алтын, үчөө күмүш жана жетиси коло.

Белгилей кетсек, 19-апрелде Бишкекте старт алган эркин күрөш боюнча лицензиялык турнирде Кыргызстандын курама командасынын башка лидерлери да өз өнөрлөрүн көрсөтүшөт. Анда балбандар Парижде (Франция) өтүүчү Олимпиада оюндарына катышуу укугу үчүн күч сынашат.

Бүгүнкү күндө балбандар арасында Тыныбекова, Медет кызы, Махмудов жана Шаршенбековдун лицензиясы бар. Алар өткөн жылы дүйнөлүк чемпионатта жеңишке жетишкен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15965