Манасчы Рыспай Исаков Эл артисти болду
RU

Манасчы Рыспай Исаков Эл артисти болду

Все самое интересное в Telegram

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, манасчы Рыспай Исаковго Эл артисти наамы ыйгарылды. Мындай жогорку наам бүгүн, 18-апрелде Кыргыз Улуттук Манас театрынын ачылышында тапшырылды.

"Эмгекти баалап сыйлык тапшырганына кубанып турам. Башкаларга да жугуштуу болсун", - деди Исаков.

Белгилей кетсек, Түркиянын Бурса шаарында өткөн Манас айтуу жумалыгында Рыспай Исаков 124 саат улуу баян айтып "Гиннесстин рекорддор китебине" кирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15967