Бишкекте адамдардын бөйрөгүн сатуу менен алектенген трансулуттук топ аныкталды
RU

Бишкекте адамдардын бөйрөгүн сатуу менен алектенген трансулуттук топ аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК тарабынан адам органдарын мыйзамсыз сатуу менен алектенген трансулуттук топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Коопсуздук комитеттен кабарлашкандай, эл аралык кылмыштуу топтун мыйзамсыз аракеттери боюнча кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн тергөө иш-чаралардын натыйжасында З.Р.З. аттуу жаран менен алдын ала макулдашуу боюнча адам органдарын сатуу каналын уюштурган К.А.К. аттуу жаран аныкталган.

"Ал чет элдик клиникаларда бөйрөк алмаштыруу үчүн ири суммадагы акчаны (80 миң долларга чейин) төлөөгө даяр бейтаптарды издөөнү жөнгө салган. Андан ары Кыргызстандын аймагында "жалдоочулар" акчалай сыйлык үчүн донорлорду таап, аларды алдоо жолу менен органдарын берүүгө азгырышкан.

Донорлор медициналык текшерүүдөн өткөнү менен саламаттыгы боюнча оң корутундулар чыгарылган. Мындан тышкары уюштуруучулар коррупциялык жолдор аркылуу операция жасалуучу клиникага тапшыруу үчүн бейтап менен болгон мамилеси тууралуу жасалма документтерди жасашып, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгып турушкан", - деп айтылат маалыматта.

Донорлор бир бөйрөгү үчүн орто эсеп менен 1 миң доллардан 7 миң долларга чейин, жалдоочулар болсо ар бир жиберилген донор үчүн 3 миң долларга чейин акча алышкан. Ал эми акчанын олуттуу бөлүгү каналдын уюштуруучусуна – 30 миң доллардан 70 миң долларга чейин түшүп турган.

17-апрелде бөйрөктү трансплантациялоо үчүн кезектеги донорду Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жөнөтүү учурунда "Манас" аэропортунан К.А.К. жана З.Р.З. аттуу жарандар кармалды.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгы менен К.А.К. жана З.Р.З. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда аталган кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тийиштүү иш-чаралар уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15974