Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровду "Достык" ордени менен сыйлады
RU

Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровду "Достык" ордени менен сыйлады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров бүгүн, 19-апрелде Астана шаарына (Казакстан Республикасы) болгон расмий сапардын алкагында өлкө Касым-Жомарт Токаев менен жолугушуп, тар курамдагы сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Президенттик администрациядан билдиришкендей, өлкө лидерлери соода-экономикалык, суу-энергетикалык, транспорттук-чек ара жана маданий-гуманитардык тармактарда кыргыз-казак кызматташтыгын тереңдетүүнүн артыкчылыктуу маселелерин талкуулады.

Ошондой эле тараптар тарыхый документке – Союздук мамилелерди тереңдетүү жана кеңейтүү жөнүндө келишимге кол коёт, ал казак-кыргыз байланыштарын өнүктүрүүгө жаңы дем берет.

Ал эми Акорда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго 1-даражадагы "Достык" орденин тапшырганын маалымдады.

Салтанаттын жүрүшүндө Казакстандын башчысы Садыр Жапаровдун эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө кошкон зор салымын белгиледи.

"Көп тараптуу байланыштарды чыңдоого кошкон салымдын көбү сиздерге таандык. Өзгөчө урмат менен чын жүрөктөн алкыш иретинде мен сизди 1-даражадагы "Достык" ордени менен сыйлоо чечимин кабыл алдым. Бул сыйлык эки тараптуу мамилелердин тереңдешине салым кошот деп ишенем. Казакстан менен Кыргызстандын достугу түбөлүктүү болсун!", - деген Токаев.

Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевге ыраазычылык билдирип, өлкөлөр ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштыкты мындан ары тереңдетүү үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экенин билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15984