Россияда кароосуз калган 5 ымыркай Кыргызстанга алынып келди
RU

Россияда кароосуз калган 5 ымыркай Кыргызстанга алынып келди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Москва шаарында ата-энесинин камкордугусуз калган 3 айдан 12 айга чейинки беш наристе Кыргызстанга кайтарылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдирди.

Балдарды өлкөгө алып келүү Россиядагы Кыргыз Республикасынын элчилигинин консулдук бөлүмү жана Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин жардамы менен уюштурулган.

Министрлик балдарды биологиялык үй-бүлөлөрү менен бириктирүү жана баланын абалын, анын ичинде социалдык, медициналык, психологиялык жана укуктук колдоо маселелерин комплекстүү баалоо боюнча иштерди жүргүзөт.

Министрликтин маалыматы боюнча, 2011-жылдан бери Кыргызстанга кароосуз калган 167 бала, анын ичинен 2022-жылы 8, 2023-жылы 12 бала, ал эми 2024-жылдын 19-апрелине чейин 6 бала кайтарылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15990