Кайтаруу жана түзөтүү департаменти Баткен элине материалдык жардам көрсөтүштү
RU

Кайтаруу жана түзөтүү департаменти Баткен элине материалдык жардам көрсөтүштү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен областынын жабыркаган тургундарына Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ЖАМКнын Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү боюнча департаменттин өздүк курамы тарабынан дары-дармектер, азык-түлүк, жууркан-төшөнчүлөр, жуунучу жана өздүк гигиена каражаттары, кийим-кече, бут кийим ж.б. түрүндө гуманитардык жардам жөнөтүлдү. Бул тууралуу редакцияга келип түшкон пресс-релизде жазылган.

Аскер кызматкерлери четте калбастан бир күндүк айлык маянасын Баткен жергесинде жабыркаган жана көчүрүлгөн мекендештерге жардам көрсөтүү үчүн которушту.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1600