Президент селден жабыркагандарга жардам берүүнү тапшырды
RU

Президент селден жабыркагандарга жардам берүүнү тапшырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен селден жабыркагандарга жардам көрсөтүлөт. Бул туурасында президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Акыркы аптда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр жаап, бир нече айылдарында сел жүрдү. Айрым кооптуу делген айылдардан жергиликтүү тургундар убактылуу көчүрүлүп кетүүдө.

"Селдин кесепетинен турак жайлар, короо жайларга зыян келтирилген учурлар бар, бирок бул масштабдуу мүнөзгө ээ эмес. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Транспорт жана коммуникация министрлиги жана башка мамлекеттик түзүмдөрдө селдин кесепеттерин жоюуга күчү, техникалык каражаттары жетиштүү.

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, селден келтирилген зыяндын көлөмү Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан такталып чыккан соң жабыркагандарга тийиштүү жардам көрсөтүлөт", - дейт Алагөзов.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 20-апрелден бери Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Талас облустарында 40тан ашык сел жүргөнүн билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16011