Мэрия кээ бир мектептерди капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн каражат бөлөт.
RU

Мэрия кээ бир мектептерди капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн каражат бөлөт.

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек мэриясы 2021-жылы жарыяланган тизме боюнча мектеп жана бала бакчаларды оңдоп түзөөдөн өткөрөт. Капиталдык курулуш боюнча муниципиалдык башкаруу бөлүмүнөн билдиргендей, билим берүү мекемелерин оңдоп түзөөдөн өткөрүү үчүн тендер жарыялайт.

Бул жараянга ылайык №53чү мектептин жылуулук системасы оңдолот, №51 орто мектептин дааратканасы, №38 билим берүү мекемесинин дааратканалары менен тармактык инженериясы кароодон өтмөкчү. Ал эми №47,57 мектептердин тамактануучу жайлары оңдоодон өтмөкчү. №17 мектептин чатыры алмаштырылат. №93чү мектептин ажаатканасы жаңыланып, электр монтаждоо иштери жүргүзүлөт. Мындан сырткары №26чы мектептин канализациясы менен чатыры оңдоодон өтөт.

Бала бакчалардан №15чи бала бакчанын жылуулук менен ысык суусун оңдоодон өткөрүү каралган. Ал эми 126чы балдар бакчасынын терезелери алмаштырылат.№181чи бала бакчанын ички жылуулук системасы кароодон өтөт.

Капиталдык оңдоо үчүн каражат шаардык бюджеттен бөлүнөт.

Конкурс боюнча кененирээк маалымат төмөндөгү порталдан көрө аласыз: zakupki.gov.kg.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1601