Сузакта 150 үйдүн короосун суу каптады. Сүрөттөр
RU

Сузакта 150 үйдүн короосун суу каптады. Сүрөттөр

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

24-апрелде саат 00:20 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдан кийин Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Таштак, Кызыл-Сеңир, Бостон айылдарында болжол менен 73 турак үйдүн жана 3 социалдык объектини, 1 ички чарбалык көпүрөнү суу каптап, жалпы аянты 50 гектар айдоо жерлерди суу алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Жаралган кыйынчылыктарды жоюу максатында жерине райондук Жарандык коргоо кызматтары ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник Абдулнасир Закиров баштаган ыкчам топ, 15 куткаруучу тартылып, жеринде тиешелүү жумуштар жүрүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Облустун Базар-Коргон, Аксы, Ала-Бука, Таш-Көмүр шаарларында ички чарбалык жолдорду, турак жайлардын короолорун сел суулар каптаганын дагы кошумчалады.

Көк-Арт дарыясындагы суунун дээңгели көтөрүлүп, бир топ аймактарга кооптуулук жараткандыктан райондук Жарандык коргоо башчысынын буйругунун негизинде Сузак районуна 3-даражадагы өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Белгилей кетсек, 22-23-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев Кыргызстандын түштүгүндө сел каптаган аймактарды кыдырып, селдин кесепеттерин өз көзөмөлүнө алган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16022