Май майрамдарындагы калкты тейлөө борборлорунун иш тартиби
RU

Май майрамдарындагы калкты тейлөө борборлорунун иш тартиби

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Санариптик өнүктүрүү министрлиги калкты тейлөө борборлору жана Калкты каттоо департаментинин региондор аралык бөлүмдөрүнүн май майрамдарына карата иш графиги жөнүндө маалымат таратты.

"Майрам жана дем алыш күндөрүн эске алуу менен керектүү документтерди алдын ала толтурууга жана алууга кам көрүүнү сунуштайбыз", - деп айтылат маалыматта.

Алсак, калкты тейлөө борборлору жана Калкты каттоо департаментинин аймактык бөлүктөрү штаттык режимде түшкү тыныгуусуз иштеген күндөр:

  • 6; 7; 8-майда саат 8:00дөн 18: 00гө чейин
  • 10 жана 11-майда саат 8:00дөн 18:00гө чейин

Ошондой эле жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында Бишкек шаарындагы кичи Калкты тейлөө борборлорунда Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортторун жана e-ID алуу боюнча кызмат көрсөтүшөт.

Бишкектеги калкты тейлеген чакан борборлордун даректери:

  • "Глобус-ЖЭБ" кичи КТБсы, Чүй проспекти, ЖЭБдин маңдайында.
  • "Азия" кичи КТБсы, Садырбаев көчөсү, 107 (Ахунбаев көчөсү менен кесилишет).

Бишкектеги калкты тейлеген чакан борборлордун иш графиги:

  • 3; 4; 7; 8; 10; 11; 12 май – иш күндөрү, 10.00 дөн 19.00 гө чейин (түшкү тыныгуу 14.00-15.00);
  • 4-май-иш күнү, саат 10.00 дөн 18.00 гө чейин;
  • 1; 2; 5; 6; 9 май-дем алыш күндөрү.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16023