УКМК 12 млн сомду түзгөн мефедронду ташып бараткан жаранды кармады
RU

УКМК 12 млн сомду түзгөн мефедронду ташып бараткан жаранды кармады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК тарабынан эл аралык баңгизат тобунун мүчөсү кармалды. Коопсуздук комитеттен билдиришкендей, анын жанынан 2 килограмм мефедрон каражаты алынган.

Такталгандай, 21-апрелде "Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун ири өлчөмдө сатуу максатында мыйзамсыз өндүрүү, сактоо, ташуу, жөнөтүү" беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында К. уулу А. кармалды.

"Чүй облусунун Пригородное жана Достук калктуу конуштарынын ортосундагы "Манас аэропорту – Бишкек шаары" жолунда 1995-жылы туулган К. уулу А. кармалып, жалпы салмагы 2 кг болгон мефедрон каражаты табылды. Аталган заттын 1 граммы көмүскө базарда 6000 сомду түзөт, жалпысынан табылган маңзаттын наркы 12 млн сомго жетет", - деп айтылат маалыматта.

Кармалган жаран УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

КР Кылмыш-жаза кодексине ылайык, баңги каражаттарын таратууну жана сатууну уюштурган жашы 14 жаштан ашкан адамдар 8 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылып, мүлкүн конфискациялоо менен кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16036