Республика боюнча 57 млн сомдон ашык битир-садака чогулуп, муктаждарга таратылууда. Сүрөт
RU

Республика боюнча 57 млн сомдон ашык битир-садака чогулуп, муктаждарга таратылууда. Сүрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Республика боюнча 57 млн 467 миң 895 сом битир-садака чогулду. Муфтияттан билдиришкендей, элден чогулган садака бүгүнкү күндө 3 категория боюнча таратылууда.

Маалым болгондой, битир-садака жетимдерге, арыз менен кайрылган муктаж жарандарга жана медреселерге бөлүштүрүлүүдө.

"Элибиз ибадат иретинде фитир-садакаларын мечиттерге беришет. Биз ортодогу аманатчыбыз. Сиздер берүүчүлөр үчүн дуба кылыңыздар. Жалпыбыз мекенибиз үчүн дуба кылалы. Баарыбызга маалым болгондой, өлкөбүздүн айрым аймактарында сел жүрүп, дүйнөнүн кээ бир өлкөлөрүндө суу ташкындоолор болуп жатат. Жараткан Алладан тынчтык тилейли", - деди муфтий Абдулазиз кары Закиров.

Быйылкы жылы өлкө боюнча топтолгон фитир-садаканын 60 пайызы жергиликтүү мечиттерде, 30 пайызы хатибияттар жана казыяттарда, ал эми калган 10 пайызы Муфтиятта таратылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16044