Декларацияны өз убагында тапшырбаган кызматкерлердин тизмеси жарыяланды
RU

Декларацияны өз убагында тапшырбаган кызматкерлердин тизмеси жарыяланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Салык декларациясын өз убагында тапшырбаган мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин тизмеси жарыяланды. Бул тууралуу ведомоствонун басма соз кызматы билдирди.

Мамлекеттик салык кызматы 2019 жана 2020-жылдары үчүн Бирдиктүү салык декларациясын мыйзамда белгиленген мөөнөттө тапшырбаган мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер тууралуу маалыматты өзүнүн расмий сайтына жарыялады.

Үстүбүздөгү жылдын 12-майына карата 1-апрелден кийин 600 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер, анын ичинен 2019-жыл үчүн – 129, 2020-жыл үчүн – 471 кызматкер Бирдиктүү салык декларациясын тапшырышкан.

Декларацияны өз убагында тапшырбагандардын жалпы санынын көпчүлүгү муниципалдык жана жергиликтүү бийлик органдарынын кызматкерлери жана адистери болду, бардыгы – 227 декларант.

Ошондой эле тизмеде Ички иштер министрлигинин (56), Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин (33), Мамлекеттик чек ара кызматынын (30), Жогорку соттун (27), Мамлекеттик каттоо кызматынын (21), Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (17), Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (13), Финансы министрлигинин (12), Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин (11), Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин (10), Мамлекеттик кадр кызматынын (9), Мамлекеттик салык кызматынын (9), Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын (8), Жогорку Кеңештин (8), Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин (7), Өкмөттүн Аппаратынын (7), Эсептөө палатасынын (6), Саламаттык сактоо министрлигинин (6), Тышкы иштер министрлигинин (6), Билим берүү жана илим министрлигинин (5) жана башка органдардын кызматкерлери да бар.

Белгилей кетсек, декларацияны өз убагында же таптакыр тапшырбаган, декларацияны туура эмес маалыматтар менен тапшырган мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин тизмеси юридикалык баа берүү үчүн прокуратура органдарына өткөрүлүп берилет.

Эскерте кетсек, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин салык декларациясын тыпшыруу мөөнөтү жыл сайын 1-апрелде аяктайт.

Бирдиктүү салык декларациясын 1-апрелден кийин тапшырган мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын тизмеси менен Мамлекеттик салык кызматынын айтынан (http://www.sti.gov.kg/decl_dolj) "Мамалекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди декларациялоо" ("БСДны мыйзам менен белгиленген мөөнөттө тапшырбагандар боюнча маалымат бөлүмү) таанышууга болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1604