Мындан ары коопсуздук жок окуучуларды чоң иш-чараларга катыштырууга тыюу салынат
RU

Мындан ары коопсуздук жок окуучуларды чоң иш-чараларга катыштырууга тыюу салынат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мындан ары коопсуздук маселеси камсыздалмайынча окуучуларды массалык, чоң иш-чараларга катыштыртырууга тыюу салынды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Доктуркүл Кендерибаева билдирди.

Ал Сузактагы окуядан кийин өлкө аймагындагы окуучулар арасындагы "Манас айтуу" фестивалы токтотулганын кошумчалады.

Министр жабыркаган балдардын ата-энелерине кризистик борбор уюштурулуп, моралдык колдоо көрсөтүлүп жатканын белгиледи.

Эске салсак, 19-апрелден тарта окуучулар арасында республикалык "Манас айтуу" фестивалы өтүп жаткан. Жеңүүчүлөргө үч миллион сом байке каралган.

2-майда Сузактагы кырсыктан 30дан ашуун бала жабыркады. Алардын бешинин абалы өтө оор деп айтылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16069