Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча тараптар жолугушуу өткөрдү
RU

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча тараптар жолугушуу өткөрдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 8-майда Баткен облусу боюнча жана Тажикстандын Согди облусу боюнча күч жана укук коргоо түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнүн, ошондой эле Баткен облусунун Лейлек районунун жана Тажикстандын Согди облусунун Джаббар-Расул районунун жетекчилеринин жолугушуусу өттү.

УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришкендей, жолугушуу учурунда тараптар төмөнкү маселелерди талкуулашты:

  • коңшу өлкөнүн жарандары менен чек арачылардын ортосунда чыккан чыр-чатактын жалпы себептери;
  • чек арага канатташ жашаган мал жайып жүргөн тургундардардын жүрүм-туруму;
  • кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде мүмкүн болуучу чек ара чыр-чатактарын болтурбоо маселелерин чечүү.

Тараптар жумушту жергиликтүү бийлик органдарынын деңгээлинде уюштурууну (эки республиканын чек арага канатташ райондорунун акимдери ортосунда), багыттар боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү, эки мамлекеттин чек арага чектеш райондорундагы тургундарынын ортосунда жакшы коңшулук жана туугандык мамилени кармануу боюнча коюлган тапшырмаларды жүзөгө ашырууну макулдашышты.

Белгилесек, 7-майда саат 12:20 чамасында Баткен облусунун Лейлек районунун Ак-Босого калктуу конушуна жакын жерде Кыргызстандын чек арачылары менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда ок атуу менен коштолгон окуя катталган.

Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, коңшу өлкөнүн жарандары мамлекеттик чек ара сызыгынан өтүп, Кыргызстандын аймагында мал кайтарып жүрүшкөн. Коңшу мамлекеттин жарандары кыргыз чек арачыларынын эскертүүсүнө көңүл бурбай, аскер кызматчыларын көздөй таш ыргытышкан. Чабандардын бири Кыргызсандын чек ара кезметин көздөй 2-3 жолу ок чыгарган.

Жагдайдын курчуп кетишине жол бербөө максатында кыргыз чек арачылары асманды көздөй эскертүү иретинде ок чыгарышканы маалымдалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16115