Бишкек ЖЭБдеги жарылуу: Антальяда дарылангандардын экөө Бишкекке келет
RU

Бишкек ЖЭБдеги жарылуу: Антальяда дарылангандардын экөө Бишкекке келет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ТЭЦ) авариядан жабыркаган эки кыргызстандыктын узак мөөнөттүү дарылануусу аяктады. Алар бүгүн, 9-майда Бишкек шаарына келишет. Бул туурасында Кыргызстандын Анталья шаарындагы Башкы консулдугунан маалымдашты.

Кыргызстандын башкы консулу Рустам Кошонов башкы дарыгер Мехмет Волкан Харпутка, дарылаган дарыгерлерге, ошондой эле Адана шаардык илимий ооруканасынын күйүк бөлүмүнүн бардык медицина кызматкерлерине кыргыз тараптын атынан ыраазычылык билдирди.

"Түрк дарыгерлеринин кыргызстандыктардын өмүрүн сактап калууга болгон аракети Кыргызстандын Түркия менен болгон боордоштугун, кызматташтыгын ого бетер бекемдеди", - дейт консул.

Ошондой эле Адана шаарында жашаган жана мекендештерин дарылоодо колдон келген жардамын көрсөткөн Кыргыз Республикасынын активдүү жарандары ыраазычылыктарды алышты.

Буга чейин тик учактын кыйрашынан жабыркап, Түркияда дарылангандардын бири 25-апрелде Кыргыз Республикасына кайткан. Жабыркаган экинчи аскер учкучу ушул жылдын 7-майында Кыргыз Республикасына учуп келген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16117