Бишкекте жаңы үйлөнгөндөр динозаврдын кийимин кийип нике кыйышты
RU

Бишкекте жаңы үйлөнгөндөр динозаврдын кийимин кийип нике кыйышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте жаш жубайлар динозаврдын кийимин кийип алып, никесин катташты. Өзгөчө салтанаттын видеосун журналист Владимир Цай өз баракчасына жарыялады.

Кадрлардан Бакыт үйүнүн негизги залынан жубайлардын чыгып, тепкичтен түшүп баратканын көрүүгө болот. Белгилей кетчү нерсе, күйөө баланын костюмунда галстук, ал эми колуктунун колунда парда жана гүл бар.

Күбөлөр да ошондой кийим менен Бакыт өргөөсүнөн чыгышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16120