УКМК маркум Рыспек Акматбаевдин жакынын кармады
RU

УКМК маркум Рыспек Акматбаевдин жакынын кармады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүүнүн алкагында өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык фактысы аныкталды. Комитеттин маалыматына караганда, шектүү катары кармалган жаран уюшкан кылмыштуу топтун лидери Рыспек Акматбаевдин жакыны.

Маалымдалгандай, А.М.Т. аттуу жаран кылмыштуу топтун колдоосу менен алдоо, коркутуу аркылуу С.Э. аттуу жарандын мүлкүн, бизнестеги үлүшүн ээлеп алган.

"Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө жогорудагы А.М.Т. аттуу жарандын Бишкек шаарынын аймагындагы аянты 3 гектардан ашык, баасы алдын ала эсептөөлөр боюнча 10 миллион долларды түзгөн муниципалдык жер тилкелерин мыйзамсыз жеке менчикке чыгарууга катыштыгы бар экендиги аныкталды.

Мындан тышкары А.М.Т. криминалдык авторитет менен туугандык байланыштын артына жашынып, көзөмөлдөөчү органдарды коркутуу жолу менен муниципалдык жер тилкелерин пайдалангандыгы үчүн белгиленген 3 миллион сомдон ашык суммадагы ижара акысын кем баалап, төлөгөн эмес", - деп айтылат маалыматта.

Учурда бул мыйзамсыз фактыларга тиешеси бар кызмат адамдарын жана башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16133