Троллейбустарда медициналык маскалар өз баасында сатыла баштады
RU

Троллейбустарда медициналык маскалар өз баасында сатыла баштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн "Бишкек троллейбус башкармалыгы" күн сайын троллейбустарда санитардык тазалоо жана дезинфекциялоо иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы маалымдады.

Күн сайын эртең менен кармагычтар, отургуч туткалары, руль, транспорттун панелдери жана кире бериштери дезинфекцияланып жатат. Маска режимин сактоо үчүн айдоочуларга күндөлүк көрсөтмөлөр берилүүдө.

Акыркы аялдамаларда айдоочулар тролллейбусту өздөрү тыкыр тазалоодон өткөрүп, дезинфекциялап, желдетип жатышат. Анткен менен, ар кимибиз өз коопсуздугубузга өзүбүз жооптубуз.

Для безопасности горожан пассажиры без средств индивидуальной защиты могут приобрести маску у водителей по себестоимости - по 2 сома.

Бет кабы жок жүргүнчүлөр өз коопсуздугу үчүн айдоочулардан медициналык масканы 2 сомдон сатып алса болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1613