15-16-майда Бишкекте айрым көчөлөргө чектөө киргизилет
RU

15-16-майда Бишкекте айрым көчөлөргө чектөө киргизилет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

15-16-май күндөрү Бишкектин жана Чүй облусунун айрым көчөлөрүндө убактылуу чектөөлөр киргизилет. Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы билдиргендей, бул күндөрү Малайзиянын премьер-министри Кыргыз Республикасында иш сапары менен болот.

Ага байланыштуу Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун төмөнкү көчөлөрүнө чектөөлөр киргизилет:

  • "Манас" эл аралык аэропорт жолу Бишкек шаарынын чегине чейин;
  • Фучик көчөсү Бишкек шаарынын чегинен тартып, Жибек-Жолу көчөсүнө чейин;
  • Жибек-Жолу көчөсү Фучик көчөсүнөн тартып, чыгышты карай Манас кең көчөсүнө чейин;
  • Манас жана Ч.Айтматов көчөлөрү түштүктү карай, "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына чейин;
  • "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынан тартып, "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине чейинки жолго да убактылуу чектөөлөр киргизилет.

Башкармалыктан республикалык маанидеги иш-чараны өткөрүүдө жогоруда аталган жоллдун четине унааларды калтырбоого, оор жүк ташуучу унааларды зарылчылык болбосо жолдорго чыгарбоого жана жол кыймылын көзөмөлдөө кызматкерлеринин талаптарын сактоо менен жол эрежесин так сактоого чакырат.

Кырдаалга жараша дагы башка жолдор жабылса, кошумча маалымат берилет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16153