Ала-Арчада буту сынган турист куткарылды
RU

Ала-Арчада буту сынган турист куткарылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ала-Арча капчыгайынан бутун кокустатып алган чет өлкөлүк турист куткарылды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Билдирүүдө, кечээ Аламүдүн районундагы Ала-Арча капчыгайындагы Жарылган-Жүрөк тоосунда Россиянын 60 жаштагы жараны бутун сындырып алганы тууралуу маалымат түшкөнү айтылат.

Жерине 4 куткаруучусу жөнөтүлүп, тоодо жабыркаган аялды кол шаймандардын жардамы менен алып түшүп, алгачкы жардам көрсөтүшкөн.

Учурда туристтин абалы каанаттандыралык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16192