Жөө күлүк Илья Тяпкиндин Олимпиадаго жолдомосу алынып салынды. Федерациянын комментарийи
RU

Жөө күлүк Илья Тяпкиндин Олимпиадаго жолдомосу алынып салынды. Федерациянын комментарийи

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

12-майда Кыргызстандын жеңил атлетчилери Илья Тяпкин менен Сардана Трофимова Париждеги Олимпиада оюндарына лицензия алышканы белгилүү болгон.

Тактап айтканда, Олимпиада оюндарына катышуучулардын тизмеси Дүйнөлүк жеңил атлетика боюнча Эл аралык жеңил атлетика федерациясынын расмий сайтында эркектер жана аялдар арасында марафондук чуркоо боюнча жарыяланган. Аталган тизмеде Трофимова менен Тяпкин бар болчу.

Белгилей кетсек, алар Universality Places системасы боюнча жолдомо алышкан. Бул жолдомону утуп алуу үчүн стандарттарга жооп бере алган спортчусу жок өлкөлөргө берилет. Эгерде өлкөнүн бирдиктүү стандарт ээси жок болсо, анда ал катышуучуну үч дистанциянын бирине - 100 метр, 800 метрге же марафонго киргизе алат.

Жакында Тяпкин марафондук жарышта Олимпиада оюндарына катышуучулардын тизмесинен чыгарылганы белгилүү болду.

Буга байланыштуу спортчу өзү Instagram баракчасына пост жазып, мындайча комментарий берди: "Пранк көзөмөлдөн чыгып кетти... Instagram, социалдык тармактарга тараган кабар ийгиликсиз болуп калды. Парижде өтчү марафондун катышуучуларынын тизмесине киргем , бирок бир жумага кийин мени ал жерден алып салышты.Эмне себептен деп суроо бербей эле койсоңуздар болот. Себебин мен өзүм билбейм. Бул менен жашоо бүтүп калбайт. Чуркоону да бул менен токтотпойм", - деди ал.

Кыргызстандын Жеңил атлетика федерациясынан Kaktus.media сайтына билдиришкендей, Эл аралык федерация мурда Трофимова менен Тяпкинге квота берип жаткан учурда ката кетирген. "Андан кийин каталар оңдолуп, бир нече күндөн кийин Илья тизмеден чыгарылды, биз үчүн, канча катышуучу болсо, ошончолук жакшы болчу. Бирок, Илья рейтинг боюнча лидер эмес. Бирок, биз ал жаңылыкка албетте кубанычта болгонбуз", - деп билдирди федерация.

Ошентип, Кыргызстандын Париждеги Олимпиада оюндарына 12 жолдомосу бар. Аларды өлкөнүн капчыгына балбандар Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, Амантур Исмаилов, Бекзат Алмаз уулу, Эрназар Акматалиев, Үзүр Жусупбеков, Айаал Лазерев жана суучул Денис Петрашов алып келген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16198