Мэр шейшемби, бейшемби күндөрү автоунаа менен келгендерге эскертүү берди
RU

Мэр шейшемби, бейшемби күндөрү автоунаа менен келгендерге эскертүү берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Айбек Жунушалиев шейшемби, бейшемби күндөрү жумушка автоунаа менен келген мэриянын аткаминер, кызматкерлерине эскертүү берди.

Эскертүү алгандардын арасында борбордук аппараттын жетекчиси, Биринчи май, Свердлов райондорунун акимдери бар.

Мэр буйрукту аткарбагандарга чара көрүүнү тапшырып, Ленин районунун акиминин орун басары менен "Бишкек башкы архитектура" ишканасынын башчысынын орун басарына сөгүш жарыялады.

Буга чейин Бишкек мэриясынын кызматкерлери шейшемби жана бейшемби күндөрү коомдук транспорт менен гана жүрүшү керектиги тууралуу буйрук чыккан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16202