Бишкекте майыптыгы бар адамдар бир жолу колдонулуучу идиштерди жасашат
RU

Бишкекте майыптыгы бар адамдар бир жолу колдонулуучу идиштерди жасашат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте майыптыгы бар адамдар бир жолу колдонулуучу экологиялык таза идиштерди жасай турган долбоор ишке кирди.

Enactus КЭУнун жамааты "Жаңы доор" коомдук фонду жана майып кыздардын "Назик кыз" коомдук бирикмеси менен биргеликте кебектен эко идиштерди жасоо боюнча интенсивдүү тренинг өткөрүштү. Мындай буюмдарды өндүрүү мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар тарабынан ишке ашырылат.

Окуу Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинде өттү. Ар бир катышуучу экологиялык продуктулардын мүмкүнчүлүктөрү менен таанышып гана тим болбостон, уникалдуу экологиялык таза табактарды жасоодо да өз күчүн сынай алды.

Долбоордун пландары боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды окутуу жана ушул күздө экологиялык тазаидиштерди – кебектен (дан калдыктарынан) жасалган тарелкаларды жана чөйчөктөрдү массалык түрдө чыгарууну баштоо. Долбоордун ыктыярчылары буга чейин борбордун гипермаркеттери жана туристтик кызматтары менен продукцияларды жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн. Сатуудан түшкөн каражаттын 70% мүмкүнчүлүгү чектелген кызматкерлерге, 30%ы Enactus KEU долбоорунун ыктыярчыларына берилет.

Эко идиштеринин өзгөчөлүгү - колдонгондон кийин жанчылып, жаныбарларга, канаттууларга жем болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16214