Заара деп сок ичип койгон. Милиция ТикТокто стрим жасаган кишини кечирим суратты
RU

Заара деп сок ичип койгон. Милиция ТикТокто стрим жасаган кишини кечирим суратты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы өз баракчасына кыргызстандыктардан кечирим сураган кишинин видеосун жарыялады. Милициянын ырасташынча, эркек киши ТикТоктогу видеодон кийин бөлүмгө жеткирилген. Ал жерде 50 жаштагы А.Н. түз эфир (стримдеги) оюнга катышып, заарасын ичкенин айткан.

Ал киши заара эмес, түсү заарага окшош алдын ала даярдалган шире (сок) экенин айтып, мындай терс аракеттер кайталанбайт деп ишендирип, кечирим сурады.

"Учурда Сузак РИИБ тарабынан бул окуяга юридикалык баа берүү үчүн текшерүү жүрүп жатат", - деп билдиришти милициядан.

Белгилей кетчү нерсе, эркектин аракеттери стрим - бул ар кандай платформалардагы түз эфир, анын негизги максаты аудиторияны тартуу жана көбүнчө чагымчыл, таң калтырган же чакыруучу аракеттерге жана кырдаалдарга негизделген мазмунду түзүү. Мындай түз видео берүүлөрдө стимчилер көңүл бурдуруу, көрүүчүлөрдө дүрбөлөңдүү эмоцияларды жаратуу жана таанымал болуу үчүн атайын тапшырмаларды, акылга сыйбаган нерселерди да жасап, көрүүчүлөрдү тарткылары келишет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16235