Ысык-Көлдөгү марафонго 35 өлкөдөн келген 3000 адам катышты
RU

Ысык-Көлдөгү марафонго 35 өлкөдөн келген 3000 адам катышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 15-май күнү, Чолпон-Ата шаарынын ат майданында (Ысык-Көл облусу) XXII Олимпиада оюндарынын марафон боюнча коло медалынын ээси Сатымкул Джуманазаровдун элесине арналган ШКУнун "Run the Silk Road – Shanghai Cooperation Organization" Ысык-Көл IX эл аралык марафону старт алды.

Иш-чаранын ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, ШКУнун башкы катчысынын орун басары Муратбек Азымбакиев, Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиада комитетинин биринчи вице-президенти, жеңил атлетика федерациясынын президенти Канат Аманкулов катышты.

Кайрат Иманалиев марафонду ачык деп жарыялап, өзүнүн сөзүндө спорттук иш-чарага 35 өлкөдөн 3000 спортчу жана спорт сүйүүчүлөрү катышып жатат деп белгиледи.

Мамлекет башчысы XXII Олимпиадалык оюндар марафонунун чуркоо боюнча коло сыйлыгынын ээси Сатымкул Жуманазаровдун элесине арналган иш-чаранын катышуучуларын куттуктап, аларга чың ден соолук, спортто чоӊ ийгиликтерге жетишүүнү каалады.

"Бул марафондо күчтүүлөр жеӊсин! Эӊ чоӊ жеӊиш - бул сиздердин катышканыӊыздар! Бардыгыӊыздарга ийгилик", - деп катышуучуларга каалоо айтты.

Белгилей кетсек, иш-чара Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана Эл аралык марафон дирекциясы тарабынан өткөрүлүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1625