"Калем сап менен колдорун чийгилеген". Актилек Капаров боюнча ЖАК маалымат таратты
RU

"Калем сап менен колдорун чийгилеген". Актилек Капаров боюнча ЖАК маалымат таратты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жазаларды аткаруу кызматы №21 мекемесинде кармалып турган айыпталуучу Актилек Капаров абак бөлмөсүнөн өз өмүрүнө кол салгандыгы тууралуу түшүндүрмө берди.

Анда ЖАК айыпталуучу менен маектешүү учурунда ал 2024-жылдын 28-майда сот залына кирээрде калем сап менен колдорун чийгилегенин айтып,

"Интернет желесинде ЖАКтын №21 мекемесинде кармалып турган айыпталуучу Актилек Капаров абак бөлмөсүнөн өз өмүрүнө кол салгандыгы тууралуу жаңылык тарап жатат. Аталган айыпталуучу менен маектешүү учурунда ал 2024-жылдын 28-майда сот залына кирээрде калем сап менен колдорун чийгилегенин айтып берген", - деп айтылат маалыматта.

Аталган кызмат Капаров мекеменин кызматкерлерине жана абак бөлмөнүн жашоо шартына арыз доосу жок экенин ооз эки билдиргенин, түшүнүк кат жазуудан жана денесин медициналык кароодон өткөрүүдөн баш тартканын да айтты. Ал боюнча мекеменин кызматкерлери тарабынан тиешелүү акт түзүлгөн.

"Аталган фактынын негизинде 2024-жылдын 30-майда Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү жана Кыйноолорго каршы улуттук борборунун өкүлдөрү келип айыпталуучу менен маектешүү жүргүзүп, тушүндүрүү иштерин жүргүзүп кетишти", - деп белгиленди ЖАКтын маалыматында.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16262