"Реал" 15-жолу Чемпиондор Лигасын утту
RU

"Реал" 15-жолу Чемпиондор Лигасын утту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мадриддик "Реал" финалда дордмунддук "Боруссияны" 2:0 эсебинде утуп, УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын жеңүүчүсү болду. Беттеш Лондондогу "Уэмбли" стадионунда өттү.

74-мүнөттө коргоочу Даниэль Карвахал оюндагы эсепти ачты. 83-мүнөттө экинчи голду чабуулчу Винисиус Джуниор киргизди.

"Реал" үчүн бул Чемпиондор Лигасындагы 15-жеңиш. Акыркы жолу Мадриддин командасы 2022-жылы Европанын башкы турниринде "Ливерпулду" 1:0 эсебинде утуп алган.

"Реалдын" жарым коргоочусу Тони Кроос үчүн бул карьерадагы клуб деңгээлиндеги акыркы беттеш болду. Кроос 2014-жылдан бери клубда ойноп, "Реал" менен бирге беш жолу Чемпиондор Лигасын жеңип алган (дагы бир жолу "Бавария"менен). Ошондой эле Кроос Германия курамасы үчүн ат салышып, аны менен бирге 2014-жылы дүйнө чемпиондугун жеңип алган. Май айында ал евро-2024төн кийин карьерасын аяктай тургандыгын жарыялаган болчу

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16273