Стамбулда имарат урап: жети киши жабыркап, экөө уранды астында калды
RU

Стамбулда имарат урап: жети киши жабыркап, экөө уранды астында калды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Стамбулдун Күчүечекмеже районунун Карталтепе районундагы Беледие көчөсүндөгү имарат жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:45те (Бишкек боюнча 11:54) урап түшкөн. Бул тууралуу түрк телеканалы билдирди. Имараттын урашынын себеби белгисиз бойдон калууда.

Имараттын урап жаткан учуру сырттагы видеокамераларга түшкөн.

Стамбул губернатору Давут Гүл 1988-жылы курулган имараттын урандыларынан жаракат алган жети адам куткарылганын, экөө урандылардын астында экенин билдирди.

"Келген бригадалар урандыларды иргөө иштерин улантышууда. Кырсык болгон жерге алып баруучу көчөлөрдө куткаруучулар тез жетиши үчүн коопсуздук тилкелери орнотулган. Полиция ошондой эле аймакта коопсуздук чараларын көрдү", – деп айтылат телеканалдын сюжетинде.

Түрк расмийлери жана ММКлары кыйроонун себептерин билдиришкен жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16276